03:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда лицензиясыз медициналык кызмат көрсөткөн 2,8 миң субъект аныкталды

Кыргызстанда 2,8 миңден ашык субъект лицензиясыз медициналык кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек, Ош, Чүй жана Ош облустарында медициналык мекемелердин лицензиялык талаптарды сактоосу текшерилди.

Жалпысынан текшерүүгө 626 медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзүүчү субъектилер камтылган. Анын ичинен 216 мекеменин лицензиясы жок болгон.

Лицензия талаптарын бузгандыгы, санитардык-эпидемиологиялык режимди сактабагандыгы, ошондой эле уруксатсыз ишмердүүлүгү үчүн Жоруктар жөнүндө кодексинин негизинде 251 субъектиге жалпы 1 миллион 449 миң сом айып пул салынды. 332 субъекттин ишмердүүлүгү токтотулуп, 256 санитардык эскертүү берилип, укук коргоо органдарына Кылмыш-жаза кодексине ылайык чара көрүү үчүн 103 субъект боюнча материалдар өткөрүлүп берилди.

«Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиялардын мамлекеттик реестрине ылайык, республика боюнча 2 миң 55 юридикалык жана жеке жактардын медициналык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксаты бар экенин белгилейбиз. Ошол эле учурда, алынган аналитикалык маалыматтар Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз (лицензиясы жок) иш жүргүзгөн 2 миң 800 миңден ашык юридикалык жана жеке жактар бар экендигин көрсөтүп турат», — деп белгиледи мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар