23:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда жарандардын өлүмүнүн негизги себеби болгон оорулар аталды

Кыргызстанда калктын өлүмүнүн себептеринин тизмесинде жүрөк-кан тамыр оорулары алдыңкы орунда турат — 52 пайыз. Мындай маалыматтарды Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору электрондук саламаттык сактоо борборуна шилтеме менен билдирет.

Экинчи орунда шишиктер (12,2 пайыз), үчүнчү орунда жаракаттар жана уулануулар (7,5 пайыз), андан кийин дем алуу органдарынын оорулары (5,5 пайыз) жана тамак сиңирүү оорулары (5,4 пайыз) турат.

«Маалыматтар республикада өлүмдүн негизги себептери болуп инфекциялык эмес оорулар эсептелээрин ачык көрсөтүп турат. Алар ооруга чалдыгуунун, майыптуулуктун негизги себеби болуу менен Кыргызстандын калкынын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурат жана жарандардын мезгилсиз өлүмүнүн бардык учурларынын 80 пайызын түзөт», — деп белгилешет борбордон.

Жугуштуу эмес оорулар өнөкөт оорулар деп да аталат. Алар адатта узкка созулуп, генетикалык, физиологиялык, экологиялык жана жүрүм-турум факторлорунун таасиринен улам өнүгөт.

Негизги түрлөрүнө жүрөк-кан тамыр (инфаркт жана инсульт), рак, өнөкөт респиратордук оорулар (өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу жана астма) жана кант диабети кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар