10:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Дарыгерлер тобу боорду алмаштыруу боюнча окуудан өтүү үчүн Түркияга жөнөтүлдү

Улуттук хирургия борборунун адистери боорду трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө керектүү билим жана практикалык тажрыйба алуу үчүн үч айлык мөөнөткө Түркияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 13 адистен турган дарыгерлер тобунда хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана медайымдар бар.

«Биздин адистер Түркиянын Инөнү университетинде бекер окуудан өтүшөт, окуу мезгилинде бекер жатакана жана тамак-аш менен камсыз болушат», — деп белгиледи мекеме.

Эскерте кетсек, 11-12-январда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Инөнү университетинде болгон. Анын клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча беш мыкты мекеменин бирине кирет.Иш сапардын жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлиги менен университеттин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар