USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Евразия турукташтыруу фонду тез жардам унааларын сатып алууга грант бөлөт

12:50, 16 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алууга грант бөлөт. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен жолугушту. Тараптар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча өлкө үчүн тез жардам унааларын сатып алууну камтыган жаңы долбоорду талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында 120 тез жардам унаасын сатып алууга 3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүү боюнча макулдашууга жетишилди. Автоунааларды сатып алуу Кыргызстандагы тез медициналык жардам системасын жакшыртууга маанилүү салым болот.

 

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика