21:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө кампаниясынын экинчи этабы башталды

Жалал-Абад облусунда кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө кампаниясынын экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен жүргүзүлөт. Ушул айда республикалык бюджеттин эсебинен өлкөгө 264 миң 500 доза вакцина алынды.

Кампаниянын жүрүшүндө максаттуу топтогу балдардын 95 пайыздан кем эмеси камтылышы керек.

 Кызамыкка каршы вакцинанын экинчи дозасын алган балдарды кошпогондо, 9 айдан 7 жашка чейинки бардык балдар эмдөөдөн өтүшөт.

Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда жана билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан акысыз алса болот.

Калган бардык аймактарда кызылчага, паротитке жана кызамыкка каршы (КПК) вакцина менен пландуу эмдөөнүн алкагында кызылчага жана кызамыкка каршы эмдөө күчөтүлдү. Кызамык оорусуна каршы эмдөө кампаниясынын экинчи этабынын алкагында өлкөнүн калган аймактарында кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозалары жеткиликтүү болгондон кийин кошумча эмдөө башталат.

Министрлик кызамык коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору. Балдарды кызамыктан коргоонун бирден бир жолу бул эмдөө экенин эскертти.

2023-жылдын сентябрь айында Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки балдардын арасында кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясын өткөрүлгөн. Кампаниянын биринчи этабында камтуу 479 миң 386 балага жеткен (максаттуу топтун 79 пайызы).

Белгилей кетсек, жыл башынан бери кызамык оорусунун 5 миң 446 учуру катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар