12:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Таласта кайрымдуулук дүкөнү ачылды

Талас шаарындагы борбордук мечиттин жергиликтүү жамааты жана шаар жаштарынын колдоосу менен 50 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүктөр таратылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Талас шаарында алгачкы ирет «Ихсан» кайрымдуулук дүкөнү ишке берилип, кайрымдуулук максатында эл топтогон кийим-кечелер муктаждарга таратылды.

"Мындан ары аталган дүкөн муктаж болгон жарандар үчүн ар дайым ачык болот. Ал эми ашыкча кийим-кечеси, турмуш-тиричилик техникалары, эмеректери бар жарандар сооп катары кайрымдуулук дүкөнүнө тапшырса болот",- деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби