12:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Опузалоо боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Опузалоо боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана мурда бир нече жолу соттолгон эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 1974-жылы туулган Ш. У. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2016-жылдан бери арыздануучуга зордук-зомбулук көрсөтүп, коркутуу жолу менен 50 000 АКШ долларын талап кылып келген «Бекен», «Байзак», «Темирлан», «Игорь», «Абдулкахим» жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата тийиштүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты 7-апрелде Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин 3-бөлүмүнүн (опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде 100 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен 43 жаштагы О. А. аттуу Чүй облусунун Кемин районунун тургуну кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин атайын ыкчам каттоосунда турат.

Ошондой эле 60 жаштагы А. Б.аттуу Бишкек шаарынын тургуну колго түшкөн. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда О.А. менен А. Б. аттуулардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби