09:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланат

29-мартта, премьер-министри Сапар Исаков Кыргызстан жана Өзбекстан чектеш облус жетекчилер кеңешинин алгачкы жыйынынын ишине катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзбек делегациясынын башында өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов турат.

Алгачкы Кеңештин жыйынын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курамында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Өкмөттүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш региондордун аймактык органдарынын жетекчилери бар.

Эскерте кетсек, Кеңеш эл аралык деңгээлде байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн чектеш облустарынын кызматташтыгын кеңейтүү максатында түзүлгөн. Ал 2017-жылдын 5-7-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке келген мамлекеттик сапарында Кыргызстандын чектеш облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешин түзүү боюнча кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрү ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга ылайык ишке ашууда.

Эң көп окулган жаңылыктар