USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

2017-жылы Россияда 4 миң 65 кыргыз бала төрөлдү

10:46, 20 марта 2018, Бишкек - 24.kg

2017-жылы Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 4 миң 65 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берди. Бул тууралуу элчиликтин 2017-жыл боюнча жыйынтыгында маалымдалат.

Россияда иштеген 504 ата-эне балдарына Кыргызстандын жарандыгын алууга уруксат берген. 13 жашы жете элек өлкөгө жөнөтүлгөн. 104 киши кыргыз жарандыгынан чыгууга, 172 киши кыргыз жарандыгын тактоого арыз жазган.

Андан сырткары, Россиядагы консулдуктар мекенине кайтууга 4 миң 530 күбөлүк даярдашкан. 205 мигранттын сөөгү «жүк 200» менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Дайынсыз жоголгон эки мекендеш табылган.

1 миң 401 кыргыз жараны түрмөдө жазасын өтөөдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика