ЖККУнун «Кант» авиабазасынын Фейсбуктагы баракчасында кыргыз-орус биргелешкен аскер машыгуусунун видеосу жарыяланды.
Тасмадан СУ-25СМ согуштук учагы С-8 ракетасынан шарттуу душманга кыйратуучу сокку урганын көрүүгө болот.
Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 5-7-мартта «Эдельвейс» окуу борборунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү менен Орусиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун биргелешкен операцияларды пландоо боюнча машыгуусу өткөнүн билдирди.
Кант шаарындагы машыгууга Орусия Куралдуу күчтөрүнүн 999-авиациялык базасы дагы катышты.