02:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусияда Ил-76 аскердик учагы кулап түштү

12-мартта Орусиянын Иванов облусундагы «Северный» аэродромуна жакын жерде Ил-76 аскердик учагы кулап түштү. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык болгон маалда учактын ичинде экипаждын сегиз мүчөсү жана жети жүргүнчү болгон.

Учак саат түшкү бирлерде аэродромдон учуп чыккандан көп өтпөй кулап түшкөнү, кырсыкка кыймылдаткычтарынын биринде тутанган өрт себеп болушу ыктымал экени кабарланды.

Айрым басылмалар учактын ичиндеги адамдардын баары каза тапканын, учак кайра конууга аракет кылганда күйгөнүн жазышты.

Оренбург облусунун губернатору Денис Паслер кырсыктан оренбургдук учкучтар каза болгонун билдирди. «Тилекке каршы, кырсыкка кабылган учактын бортунда оренбургдук учкучтар да болгон», — деп жазды ал telegram-каналына.

Тверь облусунун губернатору Игорь Руденя учакта твердик учкучтар да болгонун ырастады.

Ил-76 учагынын кулап түшкөнүнө байланыштуу «Учуу коопсуздугун бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кырсык катталган «Северный» аэродромунда адатта алыскы радиолокациялык аныктоочу А-50 учактары жана аскердик-транспорттук авиация жайгашат.

Эң көп окулган жаңылыктар