20:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусия «Эркин Европа/Азаттык» радиосун «жагымсыз уюмдардын» тизмесине киргизди

Орусиянын Юстиция министрлиги өлкө аймагында «жагымсыз уюм» деп табылган эл аралык жана чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдардын тизмесине «Эркин Европа/Азаттык» радиосун да киргизди. Бул тууралуу 20-февралда мекеменин сайтына жарыяланган маалыматтан белгилүү болду.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, буга чейин Орусиянын Башкы прокуратурасы корпорациянын ишмердигин өлкө аймагында жагымсыз деп табуу чечимин чыгарган. Ал чечим быйыл 2-февралда кабыл алынган.

«Свобода» радиосу жазгандай, реестрге орус бийлиги ишмердиги конституциялык түзүлүшкө, коопсуздукка жана коргонуу дараметине коркунуч жаратат деп эсептеген уюмдар киргизилет. Андай уюмдарга Орусияда иштөөгө тыюу салынып, орус жарандарына алар менен кызматташууга болбойт. Кызматташкандар кылмыш жообуна тартылат.

Буга чейин Орусиянын Юстиция министрлигинин «чет элдик агенттер» тизмесине «Свобода» радиосу жана бир нече орус тилдүү долбоорлор, айрым журналисттер киргизилген.

«Чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет жактан каржыланган жана саясий ишмердик менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарды «чет өлкөлүк агент» деп тааный алат.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу Чыгыш, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ, Борбор жана Түштүк Азиядагы 23 өлкөдө 27 тилде ар кыл платформаларда маалымат таратат.

 
Эң көп окулган жаңылыктар