04:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусиялык компаниялар Кыргызстанда 450 филиал ачты

Орусиялык компаниялар Москва «дос өлкө» деп санаган мамлекеттерде 2022-2023-жылдары 11 миңден ашуун филиал ачты. Бул тууралуу орусиялык «Известия» басылмасы «Финион» финансылык компаниясынын баяндамасына таянуу менен жазды.

Анда белгиленгендей, орус ишкерлери Сербияда 9000, Бириккен Араб Эмираттарында 1600, Арменияда 800 жана Кыргызстанда 450 филиал ачышкан.

«Финион» компаниясынын директору Вячеслав Картамышев мунун себебин жергиликтүү фирмалар Орусияда банктык көйгөйлөргө кабылып жатканы менен түшүндүргөн. Ал чет жакта кеңсе ачып жаткандардын көбү IT, логистика, кызмат көрсөтүү сыяктуу экономикалык багытта иштеген компаниялар экенин да тактаган.

Кабарда жогоруда аталган өлкөлөр Батыш мамлекеттеринин Орусияга салган санкцияларына кошулбагандыгы жана алар орусиялык компанияларга салыктык жеңилдиктерди берип жатышканы баяндалат.

Басылма анын ичинде Кыргызстанда текстиль өндүрүшү өнүккөнүн, орус ишкерлери ал жакта кеңсе ачканы товарды мекенине ыкчам жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын белгилейт. Орусиялык компанияларды ошондой Кыргызстандагы айрым тармактарда пайдага алынган салыктын жоктугу, жумуш күчүнүн арзандыгы жана бизнести каттоо жол-жобосунун жөнөкөйлүгү да кызыктырган.

Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Евробиримдиктеги мамлекеттер, Улуу Британия жана АКШ Орусияга каршы санкцияларды 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин киргизе баштаган. 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден бери алар Москвага улам жаңы санкциялардын топтомун салып келатышат. Бул чаралардын көбү финансылык чектөөлөр.

Мындан улам Орусия ага каршы санкция салган өлкөлөрдү «дос эмес өлкөлөр» деген тизмеге киргизип, өзү менен жакын болгон мамлекеттерди «дос өлкөлөр» деп атап алган. Орус ишкерлери санкциялардан буйтоо үчүн экинчи тизмедеги мамлекеттер аркылуу иш жүргүзүп жатат. Алар көбүнчө башка мамлекеттерден товарды ушул өлкөлөргө ташып келип, кайра Орусияга реэкспорт кылып кетишүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар