09:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусиянын өкмөтү 1-марттан тарта бензин экспортуна убактылуу тыюу салат

 Чектөөлөр алты ай күчүндө болот, бирок анын ЕАЭБ өлкөлөрүнө (Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстан), Монголияга, Өзбекстанга, Абхазия жана Түштүк Осетияга тиешеси жок.

Бул тууралуу РБК жана «Интерфакс» кабарлады.

Бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салууну Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак сунуштаган. Анын айтымында, жакын арада ички базарда күйүүчү майга болгон суроо-талап жогорулайт. Бул жазгы талаа жумуштарына, мунайды кайра иштетүүчү заводдордогу пландуу оңдоо иштерине, ошондой эле жайкы каникул мезгилине байланыштуу.

Ошол эле учурда биржада дизель сатуу нормативи 16 пайызга чейин көтөрүлөт.

20-февралда Орусиянын энергетика министри Николай Шульгинов мунайды кайра иштетүүчү бир нече заводдо пландан тышкаркы оңдоо иштери болорун кабарлаган.

«Свобода» радиосу бензин экспортуна тыюу салуу чечимин Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасалган чабуулдарга байланыштырууда. Батыштын санкцияларынан улам аларды тез арада калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Январь-февраль айларында Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын төрт мунай иштетүүчү заводуна, анын ичинде Волгоград, Краснодар крайы, Туапсе жана Усть-Лугадагы заводдорго сокку урган.

Эң көп окулган жаңылыктар