20:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков: Менин ага-инилерим бийликке аралашпайт

«Менин ага-инилери бийликке аралашпайт» — деп президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн ЖМК жетекчилери менен жолугушууда билдирди.

Белгилей кетсек, президент ишине киришкенден бери биринчи жолу медиа башчыларын баарлашууга чакырды. Ага 40тай журналист катышты.

Сооронбай Жээнбеков анын үй-бүлөсү тууралуу маалыматтар ЖМКда тынымсыз көтөрүлүп келе жатканын белгилеп өттү.

«Менин бир туугандарым менден эч качан бийлик сурашпайт. Алардын ар биринин өздөрүн багып кетүүгө жетиштүү жумушу бар. Бир эжем медик, бирөө мугалим, бирөө үй-бүлөсү менен Иранда жашайт» — деди президент.

Мамлекет башчысынын айтымында, иниси Асылбек Жээнбеков (Жогорку Кеңештин депутаты) анын артынан эч кандай иштерди жүргүзбөйт.

«Ага-инилерим менин жумушума аралашкан эмес. Мен алты жылдан кийин элимдин көзүнө уялбай карап, мекенимде жашагым келет» — деди өлкө башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар