Бишкек шаарындагы рейддердин биринде Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) кызматкерлери «Subaru» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочу токтоо боюнча мыйзамдуу талапка баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куугунтуктун натыйжасында унаа токтотулган. Ошол эле учурда айдоочу унааны тротуарга айдап чыгып, дагы бир жолу качууга аракет кылган. Унаа токтогондон кийин ал ичинен чыгып, жөө качууга аракет кылган жеринен кайгуул кызматкерлери тарабынан дароо кармалган.
Текшерүү учурунда айдоочунун бир эле учурда алкоголдук жана баңгилик мас абалында экени аныкталган.
Унаа айып токтотуучу жайына киргизилди.
Айдоочуга карата укук бузуулар тууралуу тийиштүү протоколдор түзүлдү.
Материалдар айдоочуну унаа башкаруу укугунан ажыратуу маселесин кароо үчүн сотко жөнөтүлөт.

