11:34
USD 87.45
EUR 102.88
RUB 1.17

UWW рейтинги: Эрназар Акматалиев дүйнөнүн мыкты балбандардын сап башына чыкты

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү) версиясы боюнча дүйнөнүн эң мыкты балбандарынын рейтингинде биринчи сапка чыкты.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Эрназар Акматалиев дүйнөнүн мыкты балбандардын сап башына чыкты

6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөн мелдеште ал 70 кг салмак категориясында күч сынашып, коло медаль уткан.

Акматалиев 6500 рейтингдик упай топтоп, Дүйнөлүк күрөш уюмунун версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

Буга чейин Эрназар Акматалиев АКШнын Real American Freestyle (RAF) лигасы менен келишим түзгөнү кабарланган. Бул тууралуу RAF уюмунан билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар