13:00
USD 87.45
EUR 102.88
RUB 1.17

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Жаңы депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кенеште ант берди.

Бир нече күн мурун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Мирлан Жээнчороевди № 21 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кенештин депутаты катары каттаган.

Эске салсак, буга чейин аталган округдан шайланган депутат Кубанычбек Конгантиев өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырган.

Тизме боюнча кезектеги талапкер Чыңгыз Айдарбеков болушу керек эле. БШК Ички иштер министрлиги тарабынан текшерүү жүрүп жатканын жүйө келтирип, ага мандат бербей келген. Чыңгыз Айдарбековго карата кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк ал мандаттан өз ыктыяры менен баш тартканын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар