2026-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөгө 61 миң 412 адам катталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигенен билдиришти.
Алардын ичинен:
- 35 миң 535 абитуриент тестти кыргыз тилинде тапшыруу үчүн катталган;
- 28 миң 993 абитуриент тестти орус тилинде тапшыруу үчүн катталган.
- Маалыматтарын жибербегендердин саны — 3 миң 104.
- Толук эмес толтурулган жана тактоону талап кылган арыздардын саны — 675.
Жалпы республикалык тестке каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлгөн.

