11:11
USD 87.45
EUR 102.88
RUB 1.17

Бүгүн Бишкектин айрым бөлүктөрүндө муздак суу болбойт

Фото Бишкек мэриясы

Бишкектин айрым аймактарында 22-апрелде саат 9.00дөн 21.00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик, өнөр жай объекттеринде жок болот.

Чектөөлөр төмөнкү аймактарга тиешелүү:

  • «Тунгуч» кичи району;
  • «Рухий-Мурас» конушу;
  • «Кырман» конушу.

Бишкек мэриясы
Фото Бишкек мэриясы

Суунун өчүрүлүшү «Сельский» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү реконструкциялоо иштерине байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ишканасы убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундар менен мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар