Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөлөр бүгүн, 22-апрелде саат 05:26да катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Күнгөй Ала-Тоо кыркаларында жайгашкан:
- Григорьевка айылынан түндүк-батышты карай 22 чакырым алыстыкта;
- Кожояр айылынан батышты карай 22 чакырым алыстыкта;
- Ананьево айылынан түндүк-батышты карай 27 чакырым алыстыкта.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.

