08:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Асылбек Өзүбеков Кыргыз Улуттук академиялык драма театрын жетектейт

Эмгек сиңирген артист Асылбек Өзүбеков Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрын жетектейт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри билдирет.

Жаңы шайланган театр башчысы бир жылдык эмгек келишим менен дайындалды, эгерде Асылбек Өзүбеков мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алса, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен келишим дагы бир жылга узарат.

Ал эми театрдын мурдагы башчысы Назым Мендебаиров өз калоосу менен кетүү боюнча арызын жазып, ушул эле театрга көркөм жетекчилик милдетти аткарат.

Асылбек Өзүбеков Ыссык-Көл облусунун, Тору-Айгыр айылында 1958-жылы 1-мартта туулган.

Эң көп окулган жаңылыктар