17:45
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.15

Байтик айылынан «Ала-Арча» паркына чейин веложол курулууда

Бишкектин четиндеги Байтик айылынан «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына чейинки веложолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, веложолдун жалпы узундугу 13 чакырымды түзөт. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча веложолдун 4 200 метр аралыгына асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.

Ал эми учурда пландалган иштердин негизинде жолдун дагы 4 800 метр тилкесинде жер иштери аткарылып, куруу иштери бекитилген графикке ылайык уланып жатат.

Долбоор аймактын туристтик потенциалын жогорулатууга жана жарандардын активдүү эс алуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар