17:06
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.15

Президент 5 өлкө элчилерин кабыл алды, дипломаттар ишеним грамоталарын тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, үчүнчү өлкөлөрдөгү резиденциясы менен аккредитацияланган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ишеним грамоталарын Доминикан Республикасынын элчиси Алехандро Ариас Сарсуэла, Албания Республикасынын элчиси Блерта Кадзадеж, Индонезия Республикасынын элчиси Сити Рухайни Жухятин, Сомали Федеративдик Республикасынын Элчиси Фатхудин Али Мохамед жана Палестина Мамлекетинин элчиси доктор Уайл Ахмед Батрехи тапшырышты.

Салтанаттуу азем чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардактуу кароол менен тосуп алуудан башталып, андан соң элчилер Президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө элчилерди республикадагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды ырааттуу бекемдеп жатканын баса белгиледи.

«Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы экономиканы өнүктүрүү, элдин социалдык абалын чыңдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана тынчтыкты жайылтуу сыяктуу маанилүү багыттарда реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда. Өзгөчө экономика жаатында мамлекетибиз масштабдуу трансформацияны баштан өткөрүүдө», — деди Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун жана азыркы тапта үчүнчү өлкөлөрдүн колдоосу абдан маанилүү экенин эске салды.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы катышуучуларды 2027-жылдын октябрь айында өтө турган «Бишкек+25» глобалдык тоо Саммитине активдүү катышууга чакырды.

«Кыргыз Республикасы дүйнө жүзүнө ачык, бардык өлкөлөр менен тең укуктуу кызматташууга, зарыл болсо өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана инвестиция, коопсуздук, соода-экономика, илим, технология багыттарында өз ара пайдалуу кызматташтыкты жүргүзүүгө даяр», — деп белгиледи Мамлекет башчысы жана дипломатиялык миссиялардын башчылары өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди бекемдөөгө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер өз өлкөлөрүнүн лидерлеринин саламын айтышып жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар