22:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Журналист Замира Сыдыкова уулунун АКШда кармалышынын чоо-жайын түшүндүрдү

ResPublic гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова уулу Тенгиздин АКШ полициясы тарабынан кармалышы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, уулу менен кошо кармалган Элдар Резвановдун Виржиния штатындагы батири күтүүсүздөн тинтүүгө алынган. Тенгиз Сыдыков полицияга барган учурда, тартип сакчылары аны дагы камап салышкан.

«Чындыгында Кыргызстан жарандарынын АКШда кармалгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Ооба, кармалгандардын арасында менин уулум бар. Бирок аларга эч кандай айып тагылган жок. Уулумду жаңылыктарда көрсөтүлгөн экинчи адам менен байланышы бар деп кармап кетиши мүмкүн. Уулумдун ок атуучу куралдарды аткезчилик жол менен ташуу иштерине тиешеси жок. Ал IT-компанияла иштейт», — деди Замира Сыдыкова.

ResPublic гезитинин башкы редакторунун айтымында, Элдар Резванов Казакстан жараны.

Замира Сыдыкованын айтымында, уулу Элдар Резванов менен бир батирге чыккандыгы чындык, бирок учурда ал жакта жашабайт, көчүп кеткен.

"Элдар Резвановду полиция кармап кеткенде Тенгиз Сыдыков таанышынын кармалуу себептерин билүү үчүн полиция чөлкөмүнө барган. Полиция Тенгиз Сыдыков шектелүүчү менен чогуу жашагандыгынан улам камады.

Замира Сыдыкова маселе жакын арада чечилип, уулу боштондукка чыгаарын ишенимдүү билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин WJLA.com. басылмасы АКШда жашаган Кыргызстан жарандары Тенгиз Сыдыков жана Элдар Резванов Чечнияга аткезчилик жол менен курал ташуу боюнча шектелип, кармалгандыгын маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар