«Бизнес 5+1» иш-чарасы АКШ менен Борбор Азиянын бизнес кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөгөн иш-чара кечээ башталып, бүгүн, 5-февралда уланууда.
Форумдун биринчи күнүндө минералдык ресурстар боюнча панелдик талкуу, ошондой эле мамлекеттик-жеке диалог форматында айыл чарбасы, туризм, каржы жана банк иштери боюнча сессиялар болду.
Анда АКШ менен Борбор Азиянын кызматташтыкты өркүндөтүүгө эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги белгиленди.
Бизнес форум саясий келишимдер менен аларды долбоорлор, инвестициялар жана өнөктөштүк аркылуу ишке ашыруунун ортосундагы көпүрө болуп саналаарын форумга катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте уюштурулуп, Борбор Азия өлкөлөрү жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес өкүлдөрү менен мамлекеттик органдарынын ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө багытталат.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын ноябрындагы C5+1 лидерлеринин саммитинен кийин Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) министрлер кабинети менен биргеликте Бишкекте экинчи «B5+1» форумун өткөрүп жатат.
Мында Алматы форумунан бери жетишилген ийгиликтер талданып, Борбор Азияда аймактык экономикалык интеграцияны андан ары өнүктүрүүгө жана Америка Кошмо Штаттары менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган жаңы артыкчылыктар аныкталат.
Форумга Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) жана Америка Кошмо Штаттарынан жеке сектордун лидерлери, бизнес ассоциациялары жана эксперттери катышууда.
Эске салсак, биринчи «B5+1» форуму 2024-жылдын 14-15-мартында Алматыда өтүп, Борбордук Азия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы экономикалык интеграцияны чыңдоодогу маанилүү кадам болуп калды.

