Кыргызстанга иш сапары менен Америка Кошмо Штаттарынын президентинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуулар пландалууда.

