22:28
USD 87.45
EUR 100.95
RUB 1.09

Бүгүн Бишкекте Борбор Азия жана АКШнын «B5+1» экинчи бизнес форуму өтөт

4-5-февралда Бишкек шаарында «Бизнес (B)5+1» экинчи бизнес форуму өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте уюштурулуп, Борбор Азия өлкөлөрү жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес өкүлдөрү менен мамлекеттик органдарынын ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө багытталат.

Форумдун приоритеттүү багыттары айыл чарба, банк жана финансы иштери, маанилүү минералдык ресурстар, электрондук коммерция жана маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика жана туризм болмокчу.

Белгилей кетсек, «B5+1» биринчи форуму — 2024-жылдын 14-15-мартында Алматы шаарында өткөрүлүп, анда он өлкөнүн 250дөн ашуун кызыкдар тараптарын жана бизнес өкүлдөрүн чогулткан.

«В5+1» форуму — Борбор Азиянын беш өлкөсү Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттарын бириктирген «С5+1» дипломатиялык платформанын бизнес аналогу болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар