14:29
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Депутат жогорку кызматта отурган чиновниктердин жарандыгын текшерүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш Казакстанда кармалган кыргыз депутаты тууралуу маселени талкуулап, тиешелүү мекемелердин маалыматын угушу керек. Мындай сунушун бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Ал Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигин чакырып, Асылбек уулу Дамирбек тууралуу айтылып жаткан сөздөрдүн чын-төгүнүн сураштырууну сунуштады. Ошону менен катар ал жогорку кызматтагы башка жетекчилерди да текшертүү керек деп эсептерин айтты.

«Ар жерден суроолор түшүүдө, биз маалыматтын жоктугунан жооп бере албай жатабыз. Башка саясий жана жогорку кызматтагылардын жарандыгы боюнча эмне кылабыз? Баарын текшертели. «Мындай болсо эртең президенттикке башка мамлекеттин жараны келип калса кандай болот» деп эл ызы-чуу болуп жатат», — деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков маселе карала тургандыгын, учурда маалымат топтолуп жаткандыгын айтты.

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган. Ал жана Кыргызстандын дагы эки жараны эки айга камакка алынган. Кийинчерээк Казакстандын мамлекеттик органдары Дамирбек Асылбек уулу казак жараны, улуту казак экени тууралуу маалымат тараткан.

Эң көп окулган жаңылыктар