09:01
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

БШК кош жарандыгын жашыргандар үчүн кылмыш жазасын киргизүүнү сунуштоодо

Борбордук шайлоо комиссиясы кош жарандыгын жашыргандар үчүн кылмыш жазасын киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.
Анын айтымында, депутаттыкка талапкерлердин кош жарандыгын жашыргандыгын, жалган маалымат берүү катары бааласа болот.

«Талапкер кош жарандыкка ээби же ээ эмесби БШК текшере албайт. Бирок, талапкер өзү башка мамлекеттердин тиешелүү кызматтарынын расмий жообу менен бирге, алардын жараны эмес экенин тастыктоочу так маалыматтарды алып келүүсүн мыйзам аркылуу бекитип койсок болот. Бардык документтер толук болгондон кийин гана БШК каттоого тургуза алат», — деди ал.

Кош жарандыкка ээ депутаттарды жана чиновниктерди жазалоо керек экендигин парламенттин депутаты Дастан Бекешев дагы колдойт.

Учурда комиссия БШКнын мурдагы башчысы Клара Кабилованын Россиянын жарандыгын алгандыгы

боюнча маалымат текшерилүүдө. Ал Гүлнара-Клара Самат деген ат менен Аида Салянованын ордуна «Ата Мекенден» Жогорку Кеңешке депутат болуп келет.

Кош жарандык маселеси парламент депутаты Асылбек уулу Дамирбек аткезчиликке шектелип Алматыда кармалгандан бери катуу талкууга алынууда. Казакстан бийлиги тарабынан Асылбек уулу Дамирбек Казакстандын жарандыгына ээ экендигин тастыктап, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигин расмий билдирүү жасаган.

Эң көп окулган жаңылыктар