09:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Дастанбек Жумабеков: Маалыматты манипуляциялоо долбоору жарандарды коргойт

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоор жарандарды жалган маалыматтан коргойт. Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, демилге демократиянын өнүгүүсүнө багытталган.

«Долбоор жарандардын жана баарыбыздын укугубузду коргойт. Ал башаламандыкка чекит коёт. Такталбаган маалыматты кантип жазууга болот? Мындай учурда жарандар укук коргоо органдарына же башка органдарга кайрылса болот. Ал жерде жалган маалыматты тараткан адамдарды табууга аракет кылып жатышат. Бул мыйзам долбоор өзгөчө оппозиционерлерге керек: эгерде бийлик аккаунт ачып, каршылаштарын кысымга ала баштаса, алар тийиштүү органдарга кайрыла алышат. Мына ошондо гана биз демократиялуу өлкө боло алабыз», — дейт Дастанбек Жумабеков.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби