05:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Укук коргоо органдарына коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга убакыт берилди

Бүгүн мамлекеттик резиденцияда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Ага биринчи жолу Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылды.

Президент ИИМ, УКМК, Башкы прокуратура, Жаза аткаруу кызматы жана сот тутумунун ишин сынга алды. Ал акыркы эки жылда укук коргоо органдары 76 миңден ашык кылмыш иши козгоп, анын 30 пайызы гана сотко жөнөтүлгөнүн, 12 пайызы боюнча гана сот өкүмү чыкканын белгиледи.

«Жалпы иштердин 43 пайызы тергөө тарабынан токтотулган, же кыскартылган. Токтотулган иштердин 85 пайызында күнөөгө шектүү табылбаптыр. Экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча шектүү адамдар белгилүү. Болгону силер аларды кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартпай жатасыңар» — деди президент.

Өлкө башчысы ар бир орган боюнча статистикага токтотулуп, ички коррупцияны жоюп, мамлекеттик масштабда күрөшүүгө кыска убакыт берди.

«Силерге убакыт берилет. Бирок, өтө кыска. Алар арада ишти өзгөртүп, олуттуу багыт алуу керек. Жарым, же бир жылдан кийин иштин жыйынтыгы суралат» — деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар