16:08
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Аткаминерлердин балдарына белекке бюджеттен миллион, жетимдерге 7000 сом бөлүнөт

Жаңы жылда ар бир бала белек күтөт. Бирок, тилекке каршы бирөө кымбат таттууларга ээ болсо, бирөө бир да момпосуйга жетпей калат.

Мамлекеттик сатып алуу порталында бир катар мекемелер жаңы жылдык балдарга белек сатып алууга сынак жарыялады. Анда, казынадан аткаминерлердин, мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын кызматкерлеринин балдарына миллиондор, ал эми жетим үйүндөгү бөбөктөргө анын бир чети гана сарпталарын көрсөк болот.

Бажы кызматынын балдарына жалаң россиялык момпосуйлар

Мамлекеттик бажы кызматы 223 белек алат. Анын ар биринин салмагы −1,1 килограммадан аз болбошу керек. Таттуулар жалаң гана Россияда чыгарылып, көпчүлүгү шоколад момпосуйлар болуусу абзел.

Ага мекеме бюджетинен 111,5 миң сом бөлүнөт. Ар бир белекке 500 сомдой сарпталат.

Ал Оштун бажычылары 273 белекке 145 миң сом бөлүүдө. Алардын балдары бир аз кымбатыраак −530 сомду шириндиктерге ээ болушат. Мамлекеттик сатып алуу порталындагы маалыматка таянсак, түштүк аймагынын бажычыларынын балдары, шоколад, момпосуй жана мармеладды жактырышат.

Түштүк тараптан «Ош суу чарбасы» 33 түрлүү таттууну тизмесин түзүп, ар бир таңгактын баасын 500 сом деп белгиледи. Ага 375 миң сом бөлдү.

Энергетиктердин балдарына жалаң гана шоколад

«Түндүк электро» акционердик коому (мамлекеттик ишкана) 2, 6 миллион сомго 4,4 миң белек алат. Бир да энергетиктин баласы белексиз калбайт. 600 сомдук таңгакта жалаң шоколад болушу шарт.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын балдары дагы 600 сомдук белек алат. Ага бюджеттен 273 миң сом бөлүндү. Акүйдүн кызматкерлеринин чүрпөлөрү момпосуй менен бирге тортчо дагы сурашкан.

Баарынан кымбат белекти «Манас» аба майданынын кызматкерлеринин балдары алышат. 3,3 миллион сомго 4 миң 455 белек сатып алуу пландалууда. Бирок, аба майдандын билдирүүсүндө, белектер кызматкерлерден сырткары, алар көзөмөлдөгөн бир нече жетим үйлөрүнө жана жүргүнчүлөргө дагы тартууланат. 

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. 2016-жыл

Кедейлерге колдо келишинче

Каракол шааардын башкармалыгы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 350 сомдук белек даярдоодо. Жалпысынан 405 бала таттуу алат.

Жети-Өгүз айыл өкмөтү 17 жетимге жана Уулу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине белек берет. Ага бюджеттен 7, 6 миң сом бөлүндү. Айылда канча ардагер бар экени белгисиз. Бирок, ардагерди кошпогондо балдардын белеги 477 сомду түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар