Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында борбордун 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өттү. Иш-чарага 2 миңден ашуун адам катышты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, веложүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында марага жетишти. Маршруттун жалпы узундугу 5,5 км түздү.
Иш-чара коопсуздук талаптарына ылайык өтүп, аны шаардык спорт департаменти жана велоспорт федерациясы уюштурду.

