21:42
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Манас шаарында 26 сел каптаган турак жайлар тазаланды

Манас шаарында учурда 26 сел каптаган турак жайлар тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ түнкү саат 22:00дөр чамасында жааган нөшөрлүү жаан-чачындын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары ички сел каналдарына батпай калып, Манас шаарында 40тан ашуун турак жайдын короолорун, 4 социалдык объектини суу каптаган.

Учурда турак жайлардан сел калдыктарын чыгаруу, аймактарды тазалоо жана тургундар үчүн коопсуз шарттарды түзүү иштери Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жетекчилиги астында түзүлгөн ыкчам штаб тарабынан координацияланууда.

Бул иштерге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 114 куткаруучу, ошондой эле жарандык коргонуу кызматтарынан 334 кызматкер жана 24 техника тартылган.

Мындан тышкары, белгиленген аймактарда санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, иштер улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар