Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев 24.kg сайтына берген маегинде мамлекеттик майрамдардын маанилүүлүгүн белгилеп, алардын ичинен 31-август — Эгемендүүлүк күнүн жана 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнүн бөлүп өттү.
«Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм. Ар бириңиздер койгон максаттарыңыздарга жетиңиздер, ал эми өлкөбүз өнүгө берсин», — деп айтылат куттуктоодо.
Анын айтымында, Конституция — мамлекеттин жана коомдун жашоосунун негизги принциптерин аныктап, мамлекеттин түпкү негиздерин бекемдеген өлкөнүн башкы мыйзамы болуп саналат.

