12:18
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Быйыл Кыргызстанда канча чакырым жол асфальтталгандыгы айтылды

2026-жылдын башынан бери өлкө аймактары боюнча жалпы 110,2 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр ушул мезгилге карата 40 чакырым жол асфальтталган.

Битум менен 15 миң тонна камсыздалды. Сатып алынган битумдар асфальт-бетон заводдоруна чейин жеткирилип жаткандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, жалпысынан Титулдук тизмеге кирген региондордогу бардык унаа жолдорунда иштер планга ылайык аткарылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар