19:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сузакта бачабаздыкка айыпталган имам 20 жылга эркинен ажыратылды

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту 10 жаштагы баланы зордуктап жүргөн деп айыпталган имамга карата өкүм чыгарып, аны бул кылмышы үчүн 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттолгон жаран Кылмыш-жаза кодексинин «Жаш балага карата жасалган сексуалдык зомбулук аракеттер» беренесинин негизинде айыптуу деп табылды. Мындан тышкары, ал маңзат сактоо, экстремизмге байланыштуу беренелер боюнча 3 жылга соттолду. Ошентип, «Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө» талабына ылайык ​ага жалпысынан 21 жыл чегерилди.

Облустук сотко апелляциялык арыз түшпөгөнүнө байланыштуу жаза мөөнөтү октябрь айынан тартып күчүнө кирди.

Сузактын Ат-Чабар айылында жашаган аял он жаштагы эркек баласын коңшусу зордуктап жүргөнүн айтып, былтыр 18-июнда райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума