18:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казак фермерлери Кыргызстандын картөшкөсүнүн ордун басууга даяр

Казакстандын фермердер ички рыногун картөшкө менен толук камсыз кылууга даяр. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымат агенттигине Картөшкө жана жашыл-жемиш өстүргөн фермерлердин биримдигинин төрагасы Кайрат Бисетаев билдирди.

Анын айтымында, фермерлер казак өкмөтүнүн Кыргызстандан барган айрым айыл-чарба товарларына чектөө киргизүү сунушун колдойт жана бул картөшкөнү баасын кымбатташына алып келбейт.

«Бул жылы жакшы түшүм алдык. Биздин биримдиктин мүчөлөрүнүн кампасы картөшкөгө толуп турат. Жалпысынан 500 миң тонна картөшкө заманбап кампаларда сакталууда. Бул жайга чейин өлкөнү камсыз кылууга жетет» — дейт ал.

Кайрат Бисетаев, кыргызстандан келген картөшкө 2015-жылдын күз айларынан тарта Алма-Ата шаарын жана Алма-Ата облусуна гана сатылып келген.

«Былтыры ал түштүк аймактын 50 пайызын, быйыл 30-40 пайызын камсыздашты. Анүстүнө алардын картөшкөсү менен бирге «алтын нематод» деген зыянкеч кошо келип жатат» — дейт Кайрат Бисетаев.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан бери Казакстан Кыргызстан менен чек арасын күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өттү. Кийинчерек бул кадамын коңшу өлкө мыйзамсыз Кытай реэкспортун токтотуу аракети катары түшүндурдү.

Эң көп окулган жаңылыктар