09:53
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгы: Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт

Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Манас театрынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул ирет сахнада кыргыз менен казактын мыкты акындары беттешип, сөздүн күчү, ойдун тереңдиги жана тапкычтык менен таймашат.

Эл аралык айтыш 16-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтөт. Финалда 5 кыргыз жана 5 казак акыны таймашып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги сөз өнөрүн тартуулашат. Ошондой эле иш-чаранын алкагында комузчулардын күү айтышы жана дастанчылардын чыгармалары сунушталат.

Кыргыз акындары:

  • Асылбек Маратов
  • Изат Айдаркулова
  • Акматбек Султан уулу
  • Баян Акматов
  • Мамбеттокто Мамбеторозо уулу

Казак акындары:

  • Өмүржан Көпбосын
  • Жансая Мусина
  • Аспанбек Шүгатай
  • Нурлан Есенкулов
  • Нурбол Жауынбаев

Эки элдин өнөрпоздору бир сахнада жолугуп, чыныгы айтыштын духун жаратат.

Эң көп окулган жаңылыктар