10:20
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

«Бала ырысы» канча турат? Балдарга жөлөк пул үчүн 3,3 миллиард сом бөлүнөт

Министрлер кабинети үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул төлөөгө 3 миллиард 316 миллион сом багыттоону пландаштырып жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документ президент Садыр Жапаровдун «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун киргизүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Демилгеге ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тартып үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 1 миң 200 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул берилет.

Жөлөк пулду алуу үчүн керектүү документтер:

  • Энесинин паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • жеке идентификациялык номердин болушу шарт.

Жөлөк пулду алуу үчүн жарандар Эмгек министрлигинин райондук башкармалыктарына арыз менен кайрылуусу зарыл. Ошондой эле наристе апасынын жанында болушу шарт. Тагыраагы, миграцияда жүргөн ата-энелер балдарына бул жөлөк пулду ала алышпайт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда бул курактагы 445 миңге жакын бала бар.

Учурда 1 миң 200 сом өлчөмүндөгү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө гана төлөнөт.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 1-январында «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан, үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага үч жашка толгонго чейин ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул дайындалат.

Эң көп окулган жаңылыктар