12:15
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт

Бүгүн, 1-майда жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бардык жеке ишкерлер (патент менен иштегендерден тышкары), эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана киреше салыгы иш берүүчү тарабынан кармалбаган жарандар кирешелери тууралуу отчет берүүгө милдеттүү.

Декларация электрондук түрдө cabinet.salyk.kg сайтындагы «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу кабыл алынат.

Кыргызстандыктар декларацияны өз ыктыяры менен да тапшыра алышат. Бул аларга социалдык же мүлктүк чыгымдар үчүн салыктык чегерүүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.

Эң көп окулган жаңылыктар