09:27
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Испаниянын каршылыгына карабай Каталония эгемендүүлүгүн жарыялоодо

Каталониянын президенти жана Каталониянын европалык-демократиялык партиясынын мүчөсү Карлес Пучдемон жекшемби кечинде «аймак көз карандысыз өлкө болуу укугуна ээ болгонун» билдирди. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жакынкы күндөрү жарыяланат деп күтүлүүдө.

Каталония бийлиги полиция менен шайлоочулардын кагылыштарында жаракат алгандардын саны 760 кишиге жетти. Испан полициясы кечээ Каталониянын көз карандысыздыгы тууралуу референдумду болтурбоо үчүн күч колдонгон. Алар айрым добуш берүү тилкелериндеги бюллетендерди, документтерди жана үкөктөрдү алып кетишкен.

Мурдараак Испания өкмөтү референдумга жол бербестигин билдирген. Өлкөнүн Конституциялык сотунун чечими менен аймактагы добуш берүү мыйзамсыз деп табылган.

Испания ИИМ башчысынын маалыматына караганда, каталондуктар менен болгон кагылышууларда 12 полиция кызматкери жаракат алып, үч киши кармалды. Министр добуш берүү күнү алар 92 шайлоо тилкесин жабууга жетишкендигин айтты. Кечээ полиция аймактагы эки миңден ашык тилкенин үч жүзүн жапканы кабарланган. Референдумдун алдында жарандардын добуш берүүсүнө жол бербөө үчүн Каталонияга «жарандык гвардия» деп аталган жарым-жартылай аскердик түзүмдөр жөнөтүлгөн.

Испания бийлигинин бул кадамына карата Европа биримдигине эч кандай билдирүү жасаган жок. Европа өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Шотландия Каталониянын көз-карандысыздыгын колдоодо. Шотландия кылымдар бою Улуу Британиянын карамагынан чыгуу үчүн күрөшкөн мамлекет. 

Каталония - бул Испаниянын автаномиялык аймагы. Анын калкы 7,5 миллион адам. Алар бир нече жылдан бери көз-карандысыздыкты талап кылып, Европанын жаңы өлкөсү катары таанууну сунуштап келет. 

 
Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби