13:51
USD 87.45
EUR 103.07
RUB 1.16

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар

17-апрелден 19-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүү таратты.

Маалыматка ылайык, төмөнкү тилкелер өзгөчө кооптуу:

Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);

Каракол — Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Коопсуздук үчүн унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо зарыл.

Ошондой эле 17-апрелде туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаанга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар