Президент Садыр Жапаров Оштогу жол инфраструктурасын жакшыртуу долбоору боюнча Евразия өнүктүрүү банкы менен келишимди ратификациялоочу мыйзамга кол койду.
Документте эки көпүрө жана 3,2 чакырымдык жол бөлүгүн куруу каралган.
Каржылоо келишимине 2025-жылдын 29-декабрында Бишкекте кол коюлган. Эми Финансы министрлиги Евразия өнүктүрүү банкына бардык ички жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө кабарлашы керек.
Долбоор Оштогу жол тыгындарын азайтып, жол кыймылын жакшыртат деп күтүлүүдө.
Мыйзам расмий жарыяланган күнү күчүнө кирди.

