Кыргызстандагы жалпы жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайызды түзөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин маалыматтарында айтылат.
Ага ылайык, 2025-жылдын аягында өлкөдөгү расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,3 пайызды түзгөн.
Улуттук статистика комитетинин эсептөөлөрүнө ылайык, 2025-жылдын 1-февралына карата Кыргыз Республикасынын калкынын саны 7 миллион 404 миң 300 адамды түзгөн.
Жумушчу күчүнүн жалпы саны 2 миллион 860 миң 700 адамды түзгөн. Жумуш менен камсыз болгон калктын саны 2 миллион 756 миң, ал эми жумушсуз калктын саны 104 миң 700 болгон.
Жумуш менен камсыз кылуу органдарында катталган жумушсуздардын саны 57 миң 700 адамды түзгөн (25 миң 521 аял жана 33 миң 752 жаштар).
Расмий түрдө жумушсуз деп жарыялангандардын саны 38 миң 270 адамды түзгөн (17 миң 591 аял жана 23 миң 488 жаштар).

