09:44
USD 87.45
EUR 103.07
RUB 1.16

Бишкектеги Орус драма театры «Мама» спектаклинин премьерасына чакырат

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры 6 −7-май күндөрү заманбап драматургиянын көрүнүктүү өкүлү, «Оскар» жана «Тони» сыйлыктарынын лауреаты Флориан Зеллер жазган пьесанын негизинде коюлган «Мама» спектаклинин премьерасын тартуулайт.

«Мама» — бул адамдын ички дүйнөсүн терең ачып берген психологиялык драма. Спектакль «бош калган уя» синдромуна туш болгон аялдын тагдырын баяндайт. Балдары чоңоюп, өз алдынча жашоого кеткенден кийин, жолдошу менен болгон мамилеси да муздап, башкы каарман Анна жалгыздык жана чындык менен элестин ортосунда жашап калат.

Режиссёр Артем Бруно белгилегендей, бул спектакль сүйүү, көз карандылык жана керексиз болуп калуудан коркуу сыяктуу темаларды козгойт.

Эң көп окулган жаңылыктар