8-апрелинен 13-апрелине чейин Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн III Эл аралык математика олимпиадасында Кыргызстандын атынан 23 окуучу өлкө намысын коргошту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан олимпиадага дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн эң күчтүү деген 198 окуучу катышты.
Медалга ээ болгон окуучулар:
Шакиралиев Адилет, 10-класс, ЖЧК Купуев Академиясы — алтын медаль;
Иметов Алманбет, 8-класс, ЖЧК Купуев Академиясы — коло медаль;
Тренери: Абдураимов Шумкарбек
Яголковский Артём — 7-класс, «Газпром — Кыргызстан» мектеби — күмүш медаль;
Мухаматнабиева Нурайым, 10-класс, «Акылман» Президенттик мектеби — коло медаль;
Мамарасулова Сайкал, 10-класс, «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин «Айчүрөк» лицейи — коло медаль;
Тренерлери: Ишматов Махамадхан, Жолдубай уулу Бекжол
Нурмаматов Тилек, 10-класс, «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин «Курманбек Баатыр атындагы лицейи » - коло медаль.
Тренери: Байбаев Суусарбек

