USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Атамбаев динди чала молдолордон коргоого чакырды

11:21, 28 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Президент Алмазбек Атамбаев ислам динине жамынган чала молдор, террорист жана экстремисттерден ислам динин коргоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн «Ислам азыркы светтик мамлекетте» аттуу эл аралык жыйында билдирди.

Атамбаев светтик мамлекет бир эле дин жана жамаат эмес, баардык диндер, маданияттар жана улуттардын кызыкчылыгын бирдей кароого мүмкүнчүлүк берерин айтты.

Ал учурда кайсы бир уюмдун атына жамынып, диний агымды жайылтууга аракет көрүп жаткандар бар экенин билдирди.

«Азыр коомду дүрбөткөн агымдар, чала молдолор көбөйдү. Биз аларга каршы туруп, таза исламды сактоого аракет кылышыбыз зарыл. Башка динге сый мамиле кылган жаштарды тарбиялоо башкы милдетибиз» — деди Алмазбек Атамбаев.

Эл аралык жыйынга 19 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика