13:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жайыл районунда террористтерди колго түшүрүү аракети көрүлүүдө

Жайыл районунда террористтерди колго түшүрүү аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агентигине УКМКдан ырасташты.

УКМК операциянын жүрүшүндө «Альфа» тобунун эки аскери набыт болгондугу боюнча кабарды четке кагат.

Айрым маалыматтарга караганда, укук коргоо органдары тарабынан эки кылмышкер жок кылынды.

Белгилей кетсек, кечээ Спорт сарайынын алдында эки киши кармалган. Маалыматка караганда, алар өткөн жумада жол кайгуул кызматкерин граната менен коркуткан айдоочу менен чогуу унаада олтурушкан. Ага чейин Борбордук мечиттин жанынан бул ишке тиешелүү дагы бир шектүүнү кармашкан. Ал Казакстандын жараны экендиги аныкталган.

Эскерте кетсек, 24-август күнү Ауэзов көчөсүндө Nissan Presage унаасынын айдоочусу тартип сакчысын мылтык жана граната менен коркутуп, качып кеткен. Унаада төрт жүргүнчү олтургандыгы маалымдалган.

Автомобиль ошол эле күнү Көк-Жар жаңы конушунан табылган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар